• 87.45
  • 90.6
  • 0.86

Кыргызстанда "Туз кошуу адатыбыздан кутулабыз" маалыматтык кампаниясы башталды

Ден соолук 0

Бишкек, 31.10.23. /Кабар/. Кыргызстанда 30-октябрдан 6-ноябрга чейин тузду ашыкча колдонуунун тобокелчиликтери тууралуу маалыматтуулукту жогорулатууга, сергек жашоо мүнөзүн колдоого багытталган "Туз кошуу адатыбыздан кутулабыз" урааны астындагы жумалык маалыматтык кампаниясы башталды.

Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, бул кампания Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин жана Кыргызстандагы Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун кызматташуусунда жүрүп жатат.

Кыргызстандагы оорулардын жана өлүмдөрдүн 80%дан көбүрөөгү онкологиялык оорулар, дем алуу органдарынын өнөкөт оорулары жана жүрөк-кан тамыр системасынын оорулары сыяктуу жугуштуу эмес ооруларга туура келет.

Алардын арасында оорунун 4 түрү бар, биринчи орунда – жүрөк-кан тамыр оорулары, булар артериялык гипертензия (гипертония), инсульт, инфаркт. Дээрлик ар бир экинчи чоң адамдын жогорку артериялык кан басымы бар.

Ошону менен бирге жүрөк-кан тамыр ооруларынын өнүгүүсүнө түрткү берүүчү негизги фактор – тамак-аш тузун өтө көп колдонуу.

Саламаттык сактоо министрлиги туз пайдаланууну азайтуу – коомдук ден соолукту жакшыртуудагы маанилүү кадам экенин эскертет.

Пикир

Оставить комментарий