• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Ош базарында мыйзамсыз дары-дармек саткандарга рейд жүргүзүлдү

Коом 0


Бишкек, 31.10.23. /Кабар/. Ош базарында мыйзамсыз дары-дармек саткандарга рейд жүргүзүлдү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, рейд саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, Жогорку Кеңештин депутаттары Чыңгыз Айдарбеков, Исатбек кызы Аида жана ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлеринин катышуусунда өттү.

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматына Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дары-дармек жана медициналык техника департаментинен дарыканаларда дары-дармектерди мыйзамсыз сатуу фактысы боюнча Ош базарында жайгашкан "Берекет-Универсал" соода жана оюн-зоок комплексинин аймагында жашы жете электерге "Дарыкана наркоманиясы" деп аталган күчтүү таасир берүүчү дары-дармектерди сатуу фактысы боюнча биргелешкен алдын-алуу иш-чараларды өткөрүү жөнүндө телефонограмма келип түшкөн.

Ошентип, бүгүн, 31-октябрда Тергөө тапшырмасынын жана биргелешкен иш-чаралардын планынын негизинде аталган базарда "дары-дармек каражаттарын жана медициналык буюмдарын", анын ичинде күчтүү таасир этүүчү дарыларды мыйзамсыз сатуу фактылары боюнча алдын-алуу иш-чаралар жүргүзүлдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө контейнерлердин биринен алдын ала маалыматтар боюнча, "Т" аталышындагы күчтүү дары болуп саналган жазуусу жана аты жок 22 бөтөлкө табылып, алынган.

Табылган бөтөлкөлөр пакеттелип, мөөр басылып, юридикалык баа берүү үчүн Бишкек шаарынын Ленин РИИБдин Тергөө кызматына жөнөтүлдү.

Өз кезегинде ИИМдин БМЖКККнын жана Дары-дармек жана медициналык техника департаментинин кызматкерлери Жогорку Кеңештин депутаттарына жана Саламаттыкты сактоо министрине дарыканаларда гана эмес жана Бишкек шаарындагы ири базарларда күчтүү таасир этүүчү дары-дармектерди басуу жана сатуу боюнча иш кандай жүргүзүлөрүн көрсөтүштү.

ИИМдин БМЖККК КР мыйзамдарына ылайык күчтүү таасир берүүчү дары-дармектерди таратуу жана сатуу кылмыш жоопкерчилигине алып келерин эскертет.

Пикир

Оставить комментарий