Бишкек, 15.11.24. /Акназик Тургунбаева - Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 10 айында республикада 3 миң 554 өрт кырсыгы катталган. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде ӨКМдин Өрттүү өчүрүү жана алдын алуу башкармалыгынын улук офицери Адилет Калыгулов билдирди.
Ал белгилегендей, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу бир азга аз.
“Статистикага таянсак, 10 айдын жыйынтыгы менен республикада 3 миң 554 өрт кырсыгы катталды. Былтыркы жылы 3 миң 712 өрт кырсыгы катталган болсо, быйыл 3 миң 554 өрт кырсыгы катталган. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине бир азга аз ”,-деди ал.
Пикир
Оставить комментарий