• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Кыргызстанда жылына балдар рагынын 200гө жакын учуру катталат

Ден соолук 0

Бишкек, 17.09.24. /Кабар/. Сентябрь айында Кыргызстанда балдардын рак оорусу тууралуу маалымдоо жүргүзүлөт. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун балдар онкологиясы жана онкогематология бөлүмүнүн башчысы Султан Стамбеков билдирди.

Анын айтымында, бир айлыктын негизги максаты - ооруну эрте аныктоонун, сапаттуу дарылоонун жеткиликтүүлүгүн жана кичинекей бейтапты ар тараптуу колдоонун маанилүүлүгүн белгилөө. Негизинен балдарда рак оорусу генетикалык өзгөрүүлөрдөн пайда болот.

"Мисалы, чоңдордун онкологиясы чөйрөдөн жана адамдын жашаган шартына байланыштуу пайда болот. Алсак, чоң адамдарда өпкөнүн рак оорусу тамеки тарткандан, же зыяндуу заттар менен иштөөдөн пайда болот. Ал эми балдарда андай эмес, алар эч жерде иштебейт жана тамеки тартпайт. Аларда оору генетикалык өзгөрүүлөрдөн пайда болот. Ошондуктан бул көрсөткүч бүткүл дүйнөдө бирдей болушу керек деген илимий маалымат бар", - дейт ал.

Дарыгер белгилегендей, өлкөдө жылына балдар рагынын 200гө жакын учуру катталат.

"Бир айлыктын алкагында калк арасында ооруну эрте аныктоонун маанилүүлүгүнө басым жасоо менен кеңири маалыматтык кампания жүргүзүлөт. Республикадагы балдар онкологиясынын учурдагы абалы, анын ичинде оорунун статистикасы, дарылоонун жеткиликтүүлүгү, медициналык мекемелердин дары-дармек менен камсыз болушу жана кадрдык ресурстар боюнча маалыматтар берилет. Ошондой эле бейтаптардын ата-энелерине жана жакындарына психологиялык жардам көрсөтүлөт", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий