• 84.24
  • 94.05
  • 0.91

Кыргызстандык багбандарга бадамдын кеч гүлдөгөн сортторун өстүрүү сунушталды

Коом 0


Бишкек, 13.09.24. /Кабар/. Айыл чарба өсүмдүктөрүн жана багбанчылыкты экспертизалоо боюнча департаменти багбандарга бадамдын кеч гүлдөгөн феррагнес жана феррадюэл сортторун өстүрүүнү сунуштайт.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, бул сорттордун артыкчылыгын мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн питомнигинин жетекчиси Маданов Руслан тастыктап, ал өзүнүн питомнигинде бадамдын кеч гүлдөгөн феррагнес жана феррадюэл сортторун сынап көргөн. Ал дыйкандарга бак отургузууда бадам өсүмдүгүнүн көчөтүнө көңүл бурууну сунуштайт.

"Бадамдын бул сорту кеч гүлдөгөндүктөн, жазгы үшүккө урунбайт, жылда мөмө берет. Бадам өсүмдүгүн өстүрүүдө жөнөкөй, алгачкы 2-3 жылда мезгили менен сугаруу талап кылынат, кийинки жылдары сезон ичинде 2-3 жолу сугарса жетиштүү", - дейт ал.

Бадамдын тамыр системасы абдан күчтүү жана терең, жантаймаларды бекемдөө үчүн отургузса болот. Өсүмдүк кургакчылыкка чыдамдуу, кабыгы жумшак. Ал тез эле мөмө берет. Маңызынын түшүмдүүлүгү 40-41%, же болбосо 1 га – 2000 кг. Ал эми түшүм жыйноо мезгили болсо сентябрдын үчүнчү жумасы.

Пикир

Оставить комментарий