• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

ӨКМде Өрткө каршы кызматынын 95 жылдыгына карата мелдеш өттү (сүрөт)

Коом 0

Бишкек, 11.06.21. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Өрткө каршы кызматынын түзүлгөндүгүнүн 95 жылдыгына карата Бишкек шаарында жайгашкан Ленин, Свердлов, Октябрь жана Биринчи Май райондорунун өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн өрт райондук бөлүмдөр арасында өрт-куткаруу өрт колдонмо спорту боюнча мелдеш өткөрүлдү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, мелдеш спорттун илме шаты менен окуу мунарасынын 4-кабатына чыгуу, 3 муунактуу шаты менен окуу мунарасынын 3-кабатына чыгуу, 100 метрлик тоскоолдуктардан өтүү, күжүрмөн жайылуу түрлөрү боюнча өткөрүлдү.

Иш-чарага өрт өчүрүү-куткаруучулар жана Өрт коопсуздугу боюнча кафедрасынын студенттери өрт колдонмо спорту боюнча өнөрлөрүн сынашты.

Жыйынтыгы менен алдыңкы орундарды ээлеген кызматкерлерге дипломдор, ал эми, командалык эсепте 1-3 орундуу ээлеген райондук бөлүмдөргө диплом жана акчалай сыйлыктар ыйгарылды.

Пикир

Оставить комментарий