• 87.45
  • 90.16
  • 0.85

Кыргызстандык эмгек мигранттары Европа өлкөлөрүнө ооп жатат. Себеби

Коом 0

Бишкек, 20.01.25. /Акназик Тургунбаева - Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин расмий маалыматына ылайык, ушу тапта сырткы миграцияда бардыгы болуп 650 миң кыргызстандык жаран жүрөт. Бул сандар миграциянын агымы жылдан-жылга бир кыйла жайлап баратканынан кабар берет. Мисалы, былтыр 932 мин адам тышкы мигрант катары катталган. КМШ өлкөлөрүнүн ичинен Россияда кыргызстандык мигранттар эң көп жүрөт. Бул жерде азыркы тапта 350 миң кыргыз жараны иштеп жатат.

Бирок соңку кездери кыргызстандык мигранттар Россиядан башка өлкөлөргө бет алып жатканы байкалууда. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Бакыт Дарманкул уулунун айтымында, биринчиден буга “Крокус Сити холлдогу” кырсыктан кийин Россия Федерациясынын жаңы мыйзамдары күчүнө кирип, катаалдашы,экинчиден башка өлкөлөрдө айлык акынын жогору болуп жатканы себеп болууда.

“Ушундай бир нече себептердин таасиринен улам жарандарыбыз Кыргызстанга кайтып келип жатат десек болот. Мындан сырткары, биздин өзүбүздүн экономикабыз өскөндөн бери, өлкөбүздө жумуш орундары дагы түзүлүп жаткандыгына байланыштуу”,-деди ал.

Алсак, Британияга сезондук жумушка кеткен кыргызстандыктар саны быйыл 6 миңден ашты. Австрияда эмгектенген кыргыз мигранттарынын саны 10 миңден ашкан, ал эми Бириккен Араб эмираттарында соңку жылдары кыргызсандыктардын саны эки эсе өсүп, 11 миңге чыкты. Учурда АКШда 36 миңдей кыргыз жараны бар, ал эми Түркияда 61 миңдин тегерегинде, Казакстанда 65 миңдей кыргызстандык эмгектенүүдө. Италияда дагы 5 миңдей кыргыздар мигрант болуп жүрүшөт. Акыркы төрт жылда Кыргызстандык эмгек мигранттары үчүн жаңы багыттар боюнча жумушка орношууга шарттар түзүлүп жатканы байкалууда.

2021-жылдын 29-январында президент Садыр Жапаровдун “Миграциялык кырдаалды жакшыртууга багытталган чараларды кабыл алуу жөнүндө” жарлыгы чыгып,атайын эмгек мигранттары барган өлкөлөрдө эмгек мигранттарыбызды ар тараптан колдоо максатында иш-чаралар каралды. Эмгек миграциясы калктын жакырчылык деңгээлин төмөндөтүүчү фактор катары кызмат кылып, өлкөнүн курч социалдык-экономикалык маселелерин чечүүгө көмөк көрсөтүп жаткандыгы байкалат. Миграция укуктук, экономикалык, социалдык, демографиялык, этникалык факторлордон көз каранды болгон индивидуалдуу тандоонун натыйжасы катары каралып келет. Укуктук жана социалдык-экономикалык шарттардын көз карашында, мигранттардын укугунун корголуусу, жумушсуздуктун деңгээли, өлкөдөгү экономикалык кырдаал, калктын жашоо деңгээли, жаштардын кесипкөйлүк жагынан өсүүсү үчүн мүмкүнчүлүктөр чоң мааниге ээ.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин миграциялык саясат бөлүмүнүн башчысы Майрамбек Бейшеновдун айтымында, бул багытта соңку жылдары Кыргызстан тышкы мигранттарга карата саясатын бир аз башкача өңүткө бурду. Тактап айтканда, мамлекет жарандарына ирээтке келтирилген жана коопсуз миграциялык шарттарды түзүүгө аракет жасоодо.

“Аны ишке ашыруунун бирден бир механизми бул мамлекет аралык же эл аралык келишимдерин түзүүнүн негизинде ишке ашырылат. Азыркы учурда Япония, Германия, Британия сыяктуу өнүккөн өлкөлөр менен меморандумдарга жетиштик. Мындан сырткары, мигранттар үчүн атайын борборлор ачылды. Бул борборлор, азырынча Бишкек жана Ош шаарларында ачылган. Эми бул борборлор аркылуу сырт жака кеткен мигранттарыбыз чет жакта коопсуз иштеп келе алышат. Мисалы, кетип бара жаткан жумушчу алдын ала кайсы жумушка орношот, айлыгы канча болот, жатаканасы барбы, авиабилетин өзү алабы же чакырган тарап төлөп береби биле алат. Ушундай бардык жерин тактап алгандан кийин сыртка чыкканга шарт түзүп жатабыз.

Ошондой эле, кыргыз өкмөтү 2022-жылдан тарта жарандыгын алмаштырган кыргызстандыктарга “Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендеш” деген расмий макам бере баштады. Кыргыз мигранттары өзүнүн мекенине визасыз келип кетүү жана башка жеңилдиктерди жыйырма жылдан бери суранып келишкен. “Мекен карт” алар көптөн күткөн документ болчу”,-деди ал.

Улуттук статистика комитенин расмий статискасын карай турган болсок, мигранттар Кыргызстандын экономикасынына чоң салым кошуп келүүдө,алар которгон акча каражаттары ИДПнын 30% түзөт.

Улуттук банктын “Кабар” агенттигине берген расмий маалыматы боюнча, акча которуулар 2024-жылдын январь-ноябрь айлары үчүн жеке жактардан акча которуулардын таза агымы 2,3 млрд долларды түзүп, 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 20,1%га өскөн.

“Акча которуулардын дүң агымы 12,4%га өсүү менен 2,8 млрд АКШ долларын түздү. Трансферттердин негизги бөлүгү 93%ы Россиядан келген. Көрсөтүлгөн мезгилде өлкөдөн акча которуулардын дүң агып чыгуусу 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 17,3%га кыскаруу менен 0,4 млрд АКШ долларын түздү. Акча которуулар негизинен Россияга жөнөтүлгөн жалпы дүң агымдын 84 пайызы. Ал эми акча которуулардын дүң агылып чыгышы 0,6 млрд АКШ долларын түзүп, 54%га азайган. Негизинен Россиядан,Түштүк Кореядан, АКШдан жана Түркиядан келген”,-деп билдирет Улуттук банктын басма сөз кызматы.

Пикир

Оставить комментарий