• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ташиев кыргыз-тажик чек арасында курман болгон аскерлерге арнап китеп чыгарууну тапшырды

Коом 0

Бишкек, 11.01.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев кеңешме өткөрүп, анда ведомствонун башчысы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуу учурунда каза болгон жоокерлерди түбөлүккө калтыруу боюнча иш-чараларды жүргүзүүнү тапшырды.

УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жыйында биринчи кезекте Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы кагылышууда курман болгон аскер кызматкерлеринин элесин түбөлүккө калтыруу боюнча китеп чыгаруу тапшырмасы берилди.

Окурмандардын (өзгөчө жаш муундардын) патриоттук сезимин жана курман болгон жоокерлерге болгон сый-урматты чыңдоо максатында кагылыш болгон жерлерде түз иш алып баруу, согушка чогуу катышкан жолдоштору, командирлер менен баарлашуу сунушталды.

Жыйында аталган басылманы республиканын бардык орто мектептерине жана жогорку окуу жайларына таратуу чечими кабыл алынды (Басылманы окуу боюнча Билим берүү жана илим министрлигине окуу планына өзгөртүү киргизүү боюнча сунушу менен). Ошону менен бирге китепти ишке ашыруу коммерциялык максатты көздөбөшү керектиги айтылды.

Жыйындын соңунда Ташиев алдыдагы иштерге өтө жоопкерчиликтүү мамиле кылууну жана бул демилгенин мамлекеттик маанисин жана маанилүүлүгүн эске алууну тапшырды, ошондой эле ачылышын жарыялоо боюнча иштер 2023-жылдын 31-августуна, акыркы мөөнөтү кыргыз-тажик жаңжалынын бир жылдыгына (2023-жылдын сентябрь) чейин бүтүшү керектиги жарыяланды жана китептердин бет ачары майрамдык маанайда өтөрүн кошумчалады.

Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 14-17-сентябрында Тажикстан куралдуу агрессия көрсөтүп, мурда сүйлөшүлгөн бардык макулдашууларга карабай, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын бардык периметри боюнча, тактап айтканда, Баткен облусундагы жана Ош облусунун Чоң-Алай районундагы чек аралык жана жарандык объекттерге чабуул жасаган.

140 миңге жакын кыргызстандык чек арага жакын калктуу конуштардан эвакуацияланган. Куралдуу кагылышуунун кесепетинен Баткен облусунун аймагында 600дөн ашуун турак жай жабыркаган.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, куралдуу кагылыштан 63 кыргызстандык (аскер кызматкерлери жана жай тургундар) шейит болуп, 198 киши жабыркаган.

Пикир

Оставить комментарий