• 87.45
  • 90.6
  • 0.86

Кыргызстандык өнөрпоздор XXVI “Казак Романсиадасынын” байге ээлери болушту

Маданият 0

Бишкек, 20.11.19. /Кабар/. Кыргызстандык өнөрпоздор XXVI “Казак Романсиадасынын” байге ээлери болушту.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, 16-17-ноябрда Казакстандын Түркистан шаарында орус романсынын жаш аткаруучуларынын “Казак Романсиадасы” XXVI эл аралык конкурсу болуп өттү.

Чыгармачылык таймашка Казакстан, Өзбекстан жана Кыргызстандан 50дөн ашык аткаруучу катышты.

Абройлуу музыкалык сынакта Асхат Байышов биринчи сыйлыктын ээси, Роман Чеснов экинчи сыйлыктын лауреаты аталды, ал эми Сыймык Сатыбалдиев үчүнчү сыйлыктын лауреаты болду. Улан Асеков “Артистизм жана сүйкүмдүүлүк үчүн” дипломуна татыды.

Сынакта кыргызстандыктар концертмейстер Айбарчын Добулбекованын коштоосунда өз өнөрлөрүн тартуулашты. Эл аралык калыстар тобуна Бишкектеги Орус үйүнүн маданий долбоорлорунун куратору Игорь Воронцов кирди.

Белгилей кетсек, “Казак Романсиадасы” ири сынагы чоң чыгармачылык турмушка жолдомо берет. Бул таймаштын лауреаттары жана жеңүүчүлөрү тажрыйба топтоп, өз өлкөлөрүнүн алдыңкы артисттери болушат.

Эске салсак, 2024-жылдын октябрь айынын аягында Бишкекте Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандан 100дөн ашуун катышуучуларды чогулткан орус романсынын аткаруучуларынын “Ортоазиялык Романсиада” 8-сынагы өткөн.

Пикир

Оставить комментарий