• 84.55
  • 93.78
  • 0.94

Кыргызстандан эки тасма Мароккодо өтө турган эл аралык фестивалдын сынагына катышат

Маданият 0

Бишкек, 29.09.21. /Кабар/. Кыргызстандан эки тасма Мароккодо өтө турган эл аралык кинофестивалдын сынагына катышат. Бул тууралуу “Кыргызфильм” киностудиясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, фестивалга Артыкпай Сүйүндүковдун “Шамбала” жана Элдияр Мадакимдин “Сальвадор Дали” кыска метраждуу тасмасы катышат. Иш-чара 21-30-октябрь аралыгында Марокконун Рабат шаарында өтөт.

Белгилей кетсек, “Шамбала” Ч.Айтматовдун “Ак кеме” чыгармасынын мотивинде “Айтыш фильм” киностудиясынын колдоосу менен Т.Океев атындагы “Кыргызфильм” улуттук киностудиясы тарабынан тартылган.

Ал эми “Сальвадор Дали” кинокартинасы тоо арасында чоң энесинин колунда тарбияланган режиссердун бала чагын сүрөттөйт. Күн сайын кичинекей Орозбек мектепке жетүү үчүн алыскы аралыкты жана дарыядан өтүүсүнө туура келет. Анткени, дал ушул жерден ал өзүнүн эңсеген кыялына жакындай алат.

Тасма “Кыргызфильм” улуттук киностудиясынын колдоосу менен “Айтыш фильм” студиясы тарабынан тартылган.

Пикир

Оставить комментарий