Бишкек, 07.03.20. /Кабар/. Кыргызстандык режиссер Канат Өмүрбековдун "Курьер" аттуу кыска метраждуу тасмасы АКШнын Огайо штатындагы "Атенс" эл аралык кинофестивалда көрсөтүлөт. Бул тууралуу Кыргызстандын Кинематографияны өнүктүрүү фондунан билдиришти.
Фесиваль 6-12-апрель күндөрү Огайо штатынын Атенс шаарында болуп өтөт.
Учурда Канат Өмүрбеков Огайо университетинин кино мектебинин магистратурасында үчүнчү курста билим алууда. Ал фестивалга катышып жаткан 11 мүнөттүк тасмасын 2-курсунда тарткан.
Пикир
Оставить комментарий