• 88.68
  • 95
  • 0.95

“Памирден кат” кыргыз даректүү тасмасы Прагадагы эл аралык кинофестивалда көрсөтүлөт

Маданият 0

Бишкек, 6-март /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Кыргыз режиссеру Жаңыл Жусупжандын “Памирден кат” даректүү тасмасы Прагадагы “Бир Дүйнө” Эл аралык кинофестивалында көрсөтүлөт. Бул тууралуу www.kyrgyzcinema.com. сайтында айтылат.

“Бир дүйнө” – укук коргоо багытындагы даректүү тасмалардын белгилүү эл аралык кинофестивалы, Прагада жана Чехиянын 32 шаарында 2017-жылдын 6-15-марттында өтөт.

“Памирден кат” толук метраждуу даректүү тасмасы “Эркиндик жолу” программасында көрсөтүлөт. Бул программа жашоочуларынын турмуш шарты оор өлкөлөрдүн кандайдыр бир жол менен өз жагдайларына көңүл бурдурууга аракет кылган тасмаларын сунуштайт. Алар учурда ушул өлкөлөрдө болуп жаткан социалдык көйгөйлөрдү чагылдырып, тасмалардын каармандары кыйынчылыктары тууралуу өздөрү айтып беришет.

Бул Тажикстандагы Жерге-Тал кыргыздары тууралуу тартылган алгачкы толук метраждуу даректүү тасма болуп эсептелет.

Анда автор алыскы бийик тоолуу райондун күнүмдүк жашоосунун кубанычтары менен кыйынчылыктарын, атамекенден ажыроо сезими жана үзүлбөс үмүт менен коштоп чагылдырган. Адамдар тарыхый жана заманбап катаклизмдердин негизинде боорукерлик, жылуулук сапаттарын жоготпогондуктары берилет.

Пикир

Оставить комментарий