Кыргызстандык спортчу Азия биринчилигинде коло медалга ээ болду

Спорт 0

Бишкек, 15.07.19. /Кабар/. Таиландда өткөн жаштар арасындагы Азия биринчилигинде кыргызстандык спортчу Икромжон Хажимуратов коло медалга ээ болду.

Хажимуратов 61 килограмм салмак ченинде күч сынашкан.

Мекендешибиз алгачкы кармашында индиялык атаандашын 10:0 эсебинде жеңген. Бирок кийинки таймашта Ирандан келген спортчуга 3:6 эсебинде утулуп калган. Көңүл жубатуучу беттеште кореялык балбанды 12:2 эсебинде уткан.

Чечүүчү беттеште Хажимуратов япониялык спортчуну 8:4 эсебинде жеңип, коло медалдын ээси болду.

Эскерте кетсек, Азия биринчилиги Таиландда 9-14-июль күндөрү болуп өттү. Анда кыргызстандык балбан Мээрим Жуманазарова алтын медаль уткан. Ошондой эле Акылбек Талантбеков, Нуржигит Кеңешбек уулу жана Назира Марсбек кызы күмүш байгелүү болушкан.

Пикир

Оставить комментарий