Бишкек, 15.08.23. /Кабар/. Кыргызстандык спортчулар Венгрияда өтө турган жеңил атлетика боюнча дүйнө чемпионатына катышат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, турнир 19-27-августта Будапешт шаарында өтөт.
Чемпионатка Кыргызстандан Тимур Исаков менен Гүлшанай Сатарова машыктыруучу Андрей Полубабкиндин жетекчилиги астында катышат.
Пикир
Оставить комментарий