• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Кыргызстандык жана россиялык кинологдор тажрыйба алмашат

Коом 0

Бишкек, 24.06.24. /Кабар/. Бүгүн ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев жана Россиянын Ички иштер министрлигинин Кинологиялык камсыздоо борборунун башчысы Роман Зайцев менен жолукту.

Ички иштер министрлигинен билдиришкендей, жолугушууда Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Кинологиялык борборунун кызматтык иттерин үйрөтүү жана машыктыруу маселелери талкууланды.

Тараптар кызматтык иттерди даярдоонун натыйжалуулугун жогорулатуу жана кинологиялык кызматтардын ишин уюштуруу үчүн практикалык тажрыйба жана зарыл маалыматтар менен пайдалуу алмашуу болооруна ишендиришти.

Белгилей кетсек, иш сапардын программасына КР ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Кинологиялык борборуна баруу камтылган.

Пикир

Оставить комментарий