• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстан Армения менен экономиканын бардык тармактарында кызматташууга даяр – Амангелдиев

Коом 0

Бишкек, 04.11.22. /Кабар/. Кыргызстан Армения менен экономиканын бардык тармактарында жигердүү кызматташууга даяр. Бул тууралуу экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Армениядагы Экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-армян өкмөттөр аралык комиссиясынын биринчи отурумунда билдирди.

Министр белгилегендей, Кыргызстан менен Армениянын ортосунда дипломатиялык мамилелер 1993-жылдын 9-январында түзүлгөн жана 2023-жылы эки өлкөнүн дипломатиялык мамилелеринин түзүлгөнүнө 30 жыл толот. Бул мезгил ичинде өлкөлөр региондук түзүмдөр аркылуу, атап айтканда ЕАЭБ, ЖККУ жана КМШ алкагында өз ара аракеттенүүнүн оң тенденциясына ээ.

Кыргызстан эки тараптуу кызматташуунун алкагында соода-экономикалык мамилелерди кеңейтүү үчүн сооданын көлөмүн көбөйтүүгө өбөлгө боло турган тийиштүү чараларды көрүү зарыл деп эсептейт. Атап айтканда, төмөнкүлөр жөнүндө сөз болуп жатат:

- жеке секторду жана компанияларды биздин өлкөлөрдүн рыноктору үчүн керектүү товарлар менен соодасын кеңейтүүгө шыктандыруу;

- кызматташууну тереңдетүү үчүн соода-өндүрүштүк семинарларды, конференцияларды жана соода-экономикалык алмашуу миссияларын өткөрүү;

- чакан жана орто ишканаларды колдоо боюнча маалыматтар жана изилдөөлөр менен алмашуу.

Министр ошондой эле чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө, байланыштарды диверсификациялоого, жаңы өндүрүштүк кубаттуулуктарды түзүүгө, өндүрүш жана тейлөө циклинин кошумча чынжырларын көбөйтүүгө көмөктөшүүчү инвестициялык долбоорлорду иш жүзүндө ишке ашыруу зарылдыгын белгиледи.

Ал санариптештирүү жана жаңы технологиялар жаатында кызматташууну илгерилетүүгө ишенимин билдирди.

Комиссиянын отурумунун жыйынтыгы боюнча протоколго кол коюлду.

Пикир

Оставить комментарий