• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Өлкөнүн аэродромдорунун учуу-конуу тилкелеринде видео байкоо тутуму жок – КР Башкы прокуратура

Коом 0

Бишкек, 14-март /Кабар/. Кыргыз транспорт прокуратурасы тарабынан КР Транспорт жана жолдор министрлигине караштуу Жарандык авиация агенттигинде аба унааларында учуу коопсуздугу боюнча мыйзам талаптарын сактоо боюнча текшерүү өткөрдү. Бул тууралуу КР Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматы билдирди.

Текшерүүдө учурда республиканын аэродромдорунда конуу-учуу тилкелеринде видео байкоо тутуму жоктугу аныкталган. Мындай техникалык жабдуунун иштеши авиациялык кырсыктардын кандай болгондугун аныктоодо маанилүү, себеби мындай окуялардын көпчүлүгү аба унааларынын конуу же учуу баскычтарында катталат.

Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча КР Транспорт жана жолдор министрлигине караштуу Жарандык авиация агенттигин мыйзам бузууларды четтетүү тууралуу эскертүү берилди. Бул прокурордук текшерүүлөрдүн натыйжасында “Манас” аэропортунун конуу-учуу тилкелеринде видео байкоо камералары орнотулду.

Пикир

Оставить комментарий