• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

"Коломто" мекемесинде үй-жайы жоктор үчүн жардам көрсөтүлдү

Коом 0

Бишкек, 19.12.19. /Кабар/. "Коломто" муниципалдык мекемесинде жыл сайын өткөрүлүүчү "Боорукердик" акциясы өтүп, үй-жайы жоктор үчүн жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти.

Биринчи май районунун акимчилиги менен бейөкмөт уюмдар 87 үйү жок адамга жардам берген.

Алар медициналык текшерүүдөн өтүп, Улуттук Кызыл жарым ай коомунун ыктыярчылары жылуу кийимдерди, мекемеде жаткандар үчүн жууркан алып келишкен.

Ошондой эле "Бишкек жана Кыргызстан епархиясы" кайрымдуулук уюму да жылуу кийим-кече, бут кийим алып келген.

Белгилей кетсек, "Коломто" мекемеси 1998-жылдын август айынан тарта иштейт. Мекеме жашоодо оор күндөргө туш болгон адамдарга, үйсүз калгандарга жардам жана колдоо көрсөтүп келет. Мекеменин имараты 70 кишиге ылайыкталган.

Бир күндө мекемеге дээрлик 30 киши келет. Алар "Коломтодо" түнөп, ысык тамак ичип, медициналык кароодон өтүп, сууга түшүп, кийимдерин жуудура алышат.

"Муктаж болгон адамдарга жардам берүүнү каалагандар "Коломто" мекемесине келсе болот. Дареги: Жибек-Жолу проспектиси 413; телефон: 0312 304855, 0555046706 (мекеменин директору)", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий