Бишкек, 14.08.23. /Кабар/. Кыргызстандын аймагында 7нен 13-августка чейинки арадыкта 21 миң 203 жол эрежесин бузуу фактысы катталды. Бул тууралуу
КР ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, анын ичинен:
- тийиштүү документтери жок унаа башкаруу – 277;
- мас абалында рулга отуруу – 241;
- автоунаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 53;
- жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эрежелерин бузуу фактылары – 1 167;
- транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 4 190;
- автоээнбаштык – 8;
- белгиленген ылдамдыктан ашуу – 4 832;
- башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 10 435.
Ар кандай жол эрежесин бузгандыгы үчүн 1 424 автоунаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.
КР ИИМдин ЖКККББсы айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.
Пикир
Оставить комментарий