Кыргызстандын аскер кызматкерлери Непалда эл аралык машыгууларга катышты

Коом 0

Бишкек, 10-апрель /Кабар/. КРнын Куралдуу күчтөр башкы штабынан аскер кызматкерлери Непал Республикасынан келишти, анда “Шанти Прайс-3” эл аралык тынчтык орнотуу машыгууларына катышкан. Бул тууралуу КК башкы штабынын маалыматтык камсыздоо башкармалыгы билдирди.

Ведомствонун маалыматына караганда, машыгуу 2017-жылы 20-марттан 3-апреге чейин Непалдагы Панчхал шаарынын “Биранда” тынчтык орнотуучу борборунун базасында өткөн. Аскердик иш-чараны АКШнын Тынч океан командованиеси жана Непал Республикасынын армиясы биргеликте штабдык офицерлерди жана тынчтык орнотуучу бөлүмдөрдүн жеке курамын БУУнун тынчтык орнотуучу миссияларынын милдеттерин аткарууга даярдоо максатында уюштурушкан. Дүйнөнүн 8 өлкөсүнүн – Малайзия, Индонезия, Филиппин, Бангладеш, АКШ, Монголия, Непал жана Камбоджанын тынчтык орнотуучу контингенттери аталган иш-чарага катышты жана 27 өлкө байкоочу катары катышты.

Иштелген маселелердин ичинде – жоопкерчилик зонасын патрулдоо; транспорттук айланып өтмө жолдорго көзөмөл жүргүзүү; блокпостторду орнотуу; көзөмөлдөө жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү; тынчтык орнотуучу базаларды коргоо; адамдарды жана гуманитардык жүктөрдү коштоп баруу; минна коюлган тилкелерди зыянсыздандыруу; алгачкы медициналык жардам көрсөтүү жана башкалар деп айтылат ведомствонун билдирүүсүндө.

Кыргызстандан эл аралык машыгууга 39 аскер кызматкери жөнөтүлгөн, алар башка катышуучулар менен биргеликте америкалык, британдык жана непалдык инструкторлордун, андан тышкары Эл аралык Кызыл крест комитетинин өкүлдөрүнүн жетекчилиги астында теориялык жана практикалык окуулардан өтүшкөн. Пландалган бардык иш-чараларды сапаттуу өткөрүү үчүн борбордун базасында тынчтык орнотуучу базалар жана качкындардын имитациялык лагери ачылган. Машыгуунун жыйынтыгында бардык катышуучуларга Непал Республикасынын премьер-министринин атынан сертификаттар тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий