• 85.5
  • 93.28
  • 0.89

Кыргызстандын футбол боюнча курамасы Түндүк Кореяны жеңди

Спорт 0

Бишкек, 15.10.2024. /Ырыскул кызы Нурзада - Кабар/. Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Түндүк Кореянын командасын 1:0 эсебинде жеңди.

2026-жылы өтчү Дүйнө чемпионатына тандап алуу оюндарынын үчүнчү туру бүгүн Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо орун алды.

Оюн кечки саат 20:00 башталып, алгачкы жана жалгыз голду Кыргызстан курамасынын оюнчусу Христиан Браузман оюндун 10-минутасында киргизди.

Эске салсак, ар бир топтогу эки мыкты команда Дүйнө чемпионатынын тандап алуу турунун кийинки баскычына өтөт.

Пикир

Оставить комментарий