• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Кыргызстандык балбандар Түркиядагы эл аралык мелдешке катышат

Спорт 0

Бишкек, 02.06.21. /Кабар/. Грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын курама командасынын мүчөлөрү Түркияда өтө турган VEHBI EMRE HAMIT KAPLAN эл аралык мелдешине катышат. Бул тууралуу жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Мелдеш 17-20-июнь күндөрү Стамбул шаарында өтөт.

Спортчулар мелдешке ийгиликтүү даярдануу максатында 5-17-ииюнь күндөрү Грузиянын Бакуриани шаарында өтө турган эл аралык окуу-машыгуу жыйынын өткөрүшөт.

Грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама мелдешке төмөнкү курамда катышат:

1. Жоломан Шаршенбеков, 60 кг;
2. Калы Сулайманов, 60 кг;
3. Амантур Исмаилов, 67;
4. Марлен Асыкеев, 67 кг;
5. Руслан Царев, 72 кг;
6. Акжол Махмудов, 77;
7. Акылбек Талантбеков, 77 кг;
8. Калидин Асыкеев, 82 кг;
9. Атабек Азисбеков, 87 кг;
10. Азат Салидинов, 87 кг;
11. Узур Жузупбеков, 97 кг;
12. Бексултан Махмудов, 97 кг;

Пикир

Оставить комментарий