• 87.45
  • 90.6
  • 0.86

Кыргызстандын Германиядагы элчилигинин Бонн шаарындагы бөлүмү жабылат

Коом 0

Бишкек, 15.05.23. /Кабар/. 2023-жылдын 1-июнунан тартып Кыргызстандын Германиядагы элчилигинин Бонн шаарындагы бөлүмү жабылат. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Ушуга байланыштуу Кыргызстандын Германиядагы элчилиги 2023-жылдын 1-майынан тартып Бонн шаарындагы бөлүмү жарандарды кабыл алуу жана документтерди тариздөө токтотулганын билдирет.

"Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын коргоо жана документтештирүү тууралуу жана башка суроолор боюнча Кыргызстандын Франкфурт-на-Майне шаарындагы Консулдук агенттигине же Берлиндеги элчилигинин Консулдук бөлүмүнө кайрылууга болот", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий