• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Кыргызстандын Катардагы элчилиги 31-чи Доха эл аралык китеп көргөзмөсүнө катышты

Маданият 0

Бишкек, 25.01.22. /Кабар/. Кыргызстандын Катардагы элчилиги Доха шаарында 2022-жылдын 13-22-январында өткөн 31-чи Доха эл аралык китеп көргөзмөсүнө катышты. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Кыргызстандын павильонунда чет тилдерге которулган, анын ичинде араб тилине которулган улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун китептери көрсөтүлдү.

Кыргызстандын павильонун Катар мамлекетинин мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү, ошондой эле дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жетекчилери, дипломаттар, студенттер ж.б. келип көрүп кетишти.

Доха эл аралык китеп көргөзмөсү Катардын эмири Шейх Тамим бин Хамад Аль Танинин колдоосу менен жыл сайын уюштурулат жана бул көргөзмө аймактагы эзелтен бери өткөрүлүп келген ири эл аралык көргөзмөлөрдүн катарына кирет.

Пикир

Оставить комментарий