• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

25-январга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 25.01.22. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 25-январга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда 0...+5, Талас облусунда 0...+2, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +2...+7, Ысык-Көл облусунда -1...+4, Нарын облусунда -6...-11 градус болушу күтүлөт.

Абанын температурасы Бишкек шаарында +1...+3 градус болот

Пикир

Оставить комментарий