• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Бишкекте ички иштер бөлүктөрүнүн майрамдык саптык кароосу өттү

Коом 0

Бишкек, 01.11.23. /Кабар/. Бүгүн Бишкектеги Эски аянтта коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоого тартылган ички иштер органдарынын гарнизондук саптык кароосу өттү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Кыргыз милициясынын 99 жылдыгына арналган иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, ички иштер министри Улан Ниязбеков, министрдин орун басарлары, ИИМдин кызматтарынын, башкы башкармалыктарынын, башкармалыктарынын жетекчилери, ички иштер органдарынын ардагерлери, коомчулуктун өкүлдөрү катышты.


Аянтта ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полкунун, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын, күзөт кызматынын, милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын, Бишкек шаарынын жана Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын бөлүктөрүнүн кызматкерлери, Ички аскерлердин аскер кызматчылары, Академиянын курсанттары саптык кароого тизилишти.Өздүк курамга жана техникаларга кароо жүргүзүлдү.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев милиция кызматкерлерин майрамы менен куттуктап, алардын кылмыштуулук менен күрөшүүдөгү орду чоң экенин белгиледи.

Саптык кароодо өздүк курамдын көңүлү кызматтык милдеттерин абийирдүү аткарууга, коомдук тартипти сактоо, укук бузуулардын жана кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча чараларды күчөтүүгө, жарандарга сылык мамиле жасоого, мыйзам бузуулардын алдын алууга, кызматтык тартипти чыңдоого бурулду.

Гарнизондук саптык кароо Ички иштер министрлигинин бөлүктөрүнүн салтанаттуу маршы менен аяктады.

Пикир

Оставить комментарий