• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Апрель революциясынын 10 жылдыгына карата даректүү тасма тартылды

Маданият 0

Бишкек, 07.04.20. /Кабар/. Апрель элдик революциясынын 10 жылдыгына арналып "Менин жалгыз мекеним бар – ал Кыргызстан" толук метраждуу даректүү тасмасы тартылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.

Тасма Төлөмүш Океев атындагы Улуттук "Кыргызфильм" киностудиясы тарабынан мамлекеттик буйрутма боюнча тартылган.

"Тасмада ата-бабаларыбыз басып ɵткɵн жол жана эгемендүүлүктү алгандан тарта 2010-жылга чейин болгон окуялар баяндалат", - деп айтылат маалыматта.

"Менин жалгыз мекеним бар – ал Кыргызстан" даректүү тасмасы бүгүн, 7-апрель күнү КТРК каналында саат 20:05те, Ала-Тоо 24 каналында саат 21:45те, ЭлТРде саат 22:40та көрсөтүлөт.

Тасманын режиссеру – КР Эл артисти Бакыт Карагулов;

Сценарий жазгандар – Сүйүм Сулайманова, Жуманазар Койчубеков;

Илимий консультанттар – Абылабек Асанканов, Эмилбек Каптагаев;

Адабий консультант – Бакыт Орунбеков болгон.

Пикир

Оставить комментарий