• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Кыргызстандын маданият ишмерлери Бухарада чоң концерт тартуулашты

Маданият 0


Ташкент, 23.07.24. /Тѳлѳнбай Курбанов – Кабар/. Кыргызстандын маданият, кѳркѳм ѳнѳр ишмерлери жана чеберлери 21-22-июль күндөрү Бухара шаарындагы “Жаштар борборунда” чоң концерттик программа тартуулашты. Бул тууралуу бүгүн “Кабар” агенттигине Ѳзбекстан маданият министрлигинин басма сѳз кызматынан билдиришти.

Концерттин башында Бухара облусунун акиминин туризм, маданият, маданий мурас жана массалык коммуникациялар боюнча орун басары Ботиржон Шахриёров, Кыргызстандын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Тимурлан Ажималиев бул иш-чара кыргыз жана ѳзбек элдеринин эзелтен уланып келе жаткан боордоштугун, достугун даңазалап, Кыргызстан менен Ѳзбекстандын ортосундагы мамилелерди жана кызматташтыкты мындан ары да ѳркүндѳтүүгѳ жана чыңдоого олуттуу ѳбѳлгѳ болоорун баса белгилешти.

Эскерте кетсек, бул иш-чара президент Сапар Жапаровдун Ѳзбекстанга жасаган мамлекеттик сапарын утурлай 18-22-июль күндөрү Кыргызстандын Өзбекстандагы маданият күндөрүнүн алкагында уюштурулду.

Пикир

Оставить комментарий