Бишкек, 13.12.23. /Кабар/. Кыргызстандын ММА боюнча курама командасы (ММА GAMMA) Таиланддын Бангкок шаарында өткөн дүйнө чемпионатында 9 медаль утту. Анын бешөө алтын, төртөө коло. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирет.
Дүйнө чемпионаты 5-10-декабрь күндөрү өтүп, ага 40 ашык мамлекеттен келген 500 спортчу катышкан.
Улуттук курама команда жалпы командалык эсеп боюнча 3-орунду ээледи.
Алтын медаль ээлери:
- Дооронбек Кылычбек уулу (52.2 кг);
- Жаныбек Абдувалиев (61.2 кг);
- Айжигит Эркебай уулу (70.3 кг);
- Белек Абдижапаров (83, 9 кг);
- Манас Темирбеков (94 кг).
Коло медаль уткандар:
- Адилет Алимбай уулу (65 кг);
- Дастан Жумабек уулу (94 кг);
- Эржан Бексултанов (77 кг);
- Мухамед-Шах Мустафакулов (65 кг).
Белгилей кетсек, спортчулар башкы машыктыруучу Эрали Аскарбек уулу жана улук машыктыруучу Айбек Бакасовдун жетекчилиги алдында мелдешке катышкан
Пикир
Оставить комментарий