• 87.45
  • 90.16
  • 0.85

Кыргызстандын тогуз коргоол боюнча курамасы Азия чемпионатында 19 медаль жеңди

Спорт 0

Бишкек, 17.08.23. /Кабар/. Кыргызстандын тогуз коргоол боюнча курама командасы Азия чемпионатында 19 медаль (3 алтын, 2 күмүш, 14 коло) жеңди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Мелдеш 4-12-август күндөрү Монголиянын Баян-Өлгей шаарында өттү.

Белгилей кетсек, мелдешке 10 мамлекеттин (Монголия, Кыргызстан, Казакстан, Бангладеш, Кытай, Филиппин, Орусия Федерациясынын Алтай жана Саха Республикалары, Өзбекстан, Түркия, Туркмөнстан) 200гө жакын спортчусу катышты.

Жеңүүчүлөрдүн тизмеси:

1-орун:

- Бактыбекова Айзада - (блиц чоӊдор курама жаат мүчөсү);

- Сейдахматов Баимбет - (классика 19 жаштар Бишкек шаары);

- Садырова Нургыз - (классика 14 жаш Ысык-Көл облусу).

2-орун

- Сазаев Кубан - (классика чоӊдор курама жаат мүчөсү);

- Закирова Айжан - (блиц 14 жаш Ош облусу).

3-орун

- Жамакеев Анарбек - (классика чоӊдор курама жаат мүчөсү);

- Шамбетова Алтынай - (классика чоӊдор курама жаат мүчөсү);

- Жамансартова Азиза - (классика чоӊдор курама жаат мүчөсү);

- Сагыналиева Гүлайым - (классика 19 жаш Бишкек шаары);

- Султашев Нурэл - (классика 14 жаш Ысык-Көл облусу);

- Рахманов Динислам - (классика 14 жаш Ош шаары);

- Жамакеев Анарбек – (блиц чоӊдор курама жаат мүчөсү);

- Сыргак уулу Сырттан (блиц чоӊдор курама жаат мүчөсү);

- Асейева Адина (блиц чоӊдор курама жаат мүчөсү);

- Кудайбердиев Марсел (19 жаш Бишкек шаары);

- Султашов Ислам (блиц 19 жаш Ысык-Көл);

- Асанкулова Эркежан (блиц 19 жаш Бишкек шаары);

- Сманова Аэлита (блиц 19 жаш Чүй облусу);

- Жеӊишбеков Алмазбек (14 жаш Ош шаары).

Пикир

Оставить комментарий