• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Эмгек министрлиги 215 баланы Ысык-Көлгө жайкы лагерге жөнөттү

Коом 0

Бишкек, 17.08.23. /Кабар/. Бүгүн, 17-августта Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 215 баланы Ысык-Көлдөгү "Жалын" жайкы лагерине жөнөттү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Маалыматка караганда, балдарды эс алууга узатууну министрдин орун басары Жаңыл Алыбаева көзөмөлдөдү.

Эс алуу аз камсыз болгон жана фостердик үй-бүлөлөрдүн балдары, интернаттардын тарбиялануучулары, майыптыгы бар балдар, жетимдер жана турмуштук оор кырдаалда турган балдар үчүн уюштурулган.

"Президент Садыр Жапарова айткандай, балдар – бул ар бир элдин, ар бир мамлекеттин келечеги, кыялы, үмүтү. Биздин милдетибиз - сиздердин бактылуу болуп өсүшүңүздөр үчүн бардык шарттарды түзүү, татыктуу жашоого гана эмес, кубанычтуу, эстен кеткис эс алууга шарттарды түзүү болуп саналат. Бул жайкы лагерге бара жаткан министрликтин линиясындагы үчүнчү агым. Жалпысынан өлкөнүн бардык аймактарынан 555 бала эс алат", - деди ал.

Белгиленгендей, балдардын эс алуусуна республикалык бюджеттен 5 млн сом каралган.

Пикир

Оставить комментарий