Кыргызстанга балык уулоочу синтетикалык торлорду, электр менен кармоочу тутумдарды алып кирүүгө тыюу салынды

Өкмөт 0

Бишкек, 29.11.23. /Кабар/. “Кыргыз Республикасынын аймагына алып келүүгө тыюу салынган балык уулоочу синтетикалык торлордун, электр менен кармоочу тутумдардын тизмегин бекитүү жөнүндө” Министрлер Кабинетинин токтому кабыл алынды.

Белгилей кетсек, синтетикалык материалдардан жасалган балык уулоочу торлор бышык жана сууда дээрлик чирибейт, бул алардын көлдөрдө жана башка суу объектилеринде топтолушуна алып келет. Бул торлордо балыктар чырмалышып өлүп суу объектилеринин чириген балыктар менен булганышына жана бүтөлүшүнө алып келгени суу объекттеринин жагымсыз эпизоотиялык абалына жана бүткүл Кыргызстан үчүн экологиялык кырсыкка алып келет. Ушуга байланыштуу буга чейин эле мындай торлорду алып кирүүгө мыйзам менен тыюу салынган, бирок синтетикалык торлордун тизмеси аныктала элек жана бекитилген эмес болчу. Эми бул токтом менен тизме аныкталды.

Ага ылайык, синтетикалык нейлондон же башка полиамиддик моножиптерден машинада же колго жасалган, жиптин диаметри 0,5 ммден кем жана торчолордун өлчөмдөрү 100 мм кем болгон даяр түйүндүү балык уулоо торлорун (торчонун конструктивдүү кадамымын өлчөмү 50 мм кем) (код ТЭИТН коду 5608 11 800 0), диаметри 0,5 ммден кем жана торчосунун өлчөмдөрү 100 мм кем башка синтетикалык моножиптерден машина менен же колго жасалган даяр түйүндүү балык уулоо торлорун (торчонун конструктивдүү кадамымын өлчөмү 55 мм кем) (ТЭИТН коду 5608 11 800 0), электр тогу аркылуу суу биологиялык ресурстарын алуу (кармоо) функцияларын биргелешип аткарган, туташтырылган өткөргүчтөрү жана аккумулятору (батареялары) бар электр сигнал генераторлорунан турган электрлештирүүчү системаларды жана түзүлүштөрдү (ТЭИТН коду 8543 20 000 0) синтетикалык торлорду Кыргызстандын аймагына алып кирүүгө тыюу салынат.

Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий