• 84.56
  • 94.24
  • 0.93

Кыргызстанга ЖОЖдор 29,5 миңден ашуун абитуриентти кабыл алды

Билим 0

Бишкек, 23.08.24. /Кабар/. Бүгүн, 23-август саат 13:00дөгү ачык маалыматка ылайык, 2024-2025-окуу жылына карата жогорку окуу жайлар 29 миң 551 абитуриентти кабыл алган.

Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришкендей, 5 раунддун жыйынтыгына ылайык, талондорду каттоо боюнча төмөндөгү ЖОЖдор алдыга чыккан:

  • Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети – 8240,
  • И. Раззаков атындагы КМТУ – 7457,
  • ОшМУ – 6369,
  • Б.Ельцин атындагы КРСУ – 5414,
  • И. Арабаев атындагы КМУ – 4644,
  • И. Ахунбаев атындагы КММА – 4420,
  • Х. Карасаев атындагы БМУ – 3953,
  • «Ала-Тоо» Эл аралык Университети - 2804.

Эң көп тастыктама төмөнкү ЖОЖдорго берилди:

  • Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине – 4930 абитуриент,
  • ОшМУ – 4009,
  • И. Раззаков атындагы КМТУ – 3749,
  • И. Арабаев атындагы КМУ – 2349,
  • Х. Карасаев атындагы БМУ – 2022,
  • Б. Ельцин атындагы КРСУ – 2108,
  • И. Ахунбаев атындагы КММА – 1064,
  • «Ала-Тоо» Эл аралык Университети - 1004.

Пикир

Оставить комментарий