Бишкек, 06.12.24. /Акназик Тургунбаева-Кабар/. Күн мурун Элчи Ду Дэвэндин дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу Кытайдын Кыргызстандагы элчилиги коштошуу зыйнатын уюштурду.
Иш-чарага Кыргызстандын расмий өкүлдөрү, мамлекеттик кызматкерлер, Кыргызстандагы ар кайсы мамлекеттердин дипломатиялык өкүлдөрү, Кыргызстанда жашаган кытайлык мекендештери, кытайлык мекеме-ишканалардын жетекчилери жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышты.
Саамалыктын катышуучулары элчи Ду Дэвэнге кыргыз-кытай кызматташтыгын жакшыртуу боюнча жигердүү иши үчүн ыраазычылык билдирип, анын эки тараптуу мамилелерди жаңы деңгээлге чыгуудагы маанилүү ролун белгилешти.
Эске сала кетсек, Ду Дэвэнь 2019-жылдын март айында Кытайдын Кыргызстандагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалган.
Пикир
Оставить комментарий