• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Энергетика министри электр монтёрлордун маянасы 15%га көтөрүлөрүн билдирди

Коом 0

Бишкек, 06.07.22. /Кабар/. Энергетика министри Доскул Бекмурзаев электр монтёрлордун маянасы 15%га көтөрүлөрүн билдирди.

Министр өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына "Түндүкэлектр" ААКнын электр монтёрлору менен жолуккандыгын, аларга ата мекендик энергетика тармагынын абалы жана анда жүргүзүлүп жаткан реформалар жөнүндө айтып бердгендигин жазды.

"Алдыбызда жабдуулардын эскилигинин жетиши жана жаңы генерация кубаттуулуктарын куруу муктаждыгы деген курч маселелер турат. Аны менен бирге эле электр энергиясына болгон тариф да өзгөрүлө элек. Бул сыяктуу маселелерди жөнгө салуу үчүн чыгашаларды оптимизациялап, ар дайым инвесторлорду издөө менен алекпиз.

Жолугушууда электр монтёрлор азык-түлүккө болгон баанын өсүшү менен үй-бүлөнү камсыздоо кыйындап баратканын айтышты. Алдыбызда турган кыйынчылыктарга карабастан, айлык маянаны 15% жогорулатууну пландап жатканыбызды айттым", - дейт Бекмурзаев.

Министр Энергетика министрлигинде жүргүзүлүп жаткан реформалар жакшы натыйжасын бериши үчүн коллектив ичинде өз ара түшүнүшүү жана ишеним болушу керектигин кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий