• 87
  • 89.63
  • 0.85

Кызыл-Кыяда мечитке ташталган ымыркайдын апасы табылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 11.01.25. /Кабар/. Кызыл-Кыя шаарында мечитке ташталган ымыркайдын апасы табылды.

Баткен облустук милициясынан билдиришкендей, үстүбүздөгү жылдын 3-январында Кызыл-Кыя шаарындагы мечиттердин биринен ак шейшепке оролгон ымыркай табылган.

Бул факт Кызыл-Кыя шаардык милициясынын маалыматтардын электрондук журналына катталып, милиция кызматкерлери тарабынан ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлгөн.

Анын натыйжасында күн мурун, 10-январда Кадамжай районунун Орозбеков айыл аймагынын 16 жаштагы тургуну ымыркайдын апасы экени аныкталып, кармалды.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий