• 87
  • 89.63
  • 0.85

Кызылча оорусун жугузгандардын басымдуусу эмдөө албагандар болууда – Аалиев

Ден соолук 0

Бишкек, 10.01.25. /Мээрим Дүйшөналиева – Кабар/. Кызылча оорусун жугузгандардын басымдуусу эмдөө албагандар болууда. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасынын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев билдирди.

Анын айтымында, азыр ооруканага кызылча менен ооругандар көп кайрылууда. Учурда ооруканадагы 500дөн ашуун бейтаптын 200ү кызылча оорусунан улам дарыланып жаткандар.

“Кызылча оорусун жугузгандардын 90%дан ашыгын эмдөө албагандар түзүп жатат. Алар убагында эмдөө алса, мындай абал жаралмак эмес. Анткени Саламаттык сактоо министрлиги эмдөө алуу зарылдыгын айтып жатса деле, эмдөөдөн баш тарткандар башкаларга ооруну жугузуп жатат. Кызылча оорусуна каршы эмдөө жүргүзүү аркылуу илдетти башкарса болот. Бул илдетке шек саналган учурда балдарды обочолонтуп, эл көп топтолгон жерлерге, оюн-зоокторго алып баруудан алыс болуу кажет”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий