• 87
  • 89.63
  • 0.85

Өлкө аймагында -39 градуска чейин суук аба ырайы күтүлөт

Коом 0

Бишкек, 11.12.24. /Кабар/. Өлкө аймагында -39 градуска чейин суук аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 11-декабрда абанын температурасы акырындык менен төмөндөп, Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн -10…-15°, күндүз -4…-9°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -6…-11°, күндүз -1…-6°, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -12…-17°, күндүз -2…-7°, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -18…-23°, күндүз -6…-11°, республиканын тоо этектериндеги райондорунда түнкүсүн -13…-18°, күндүз -5…-10°, тоолуу райондорунда түнкүсүн -22…-27° суук, күндүз -13…-18°, Суусамыр өрөөнүндө жана бийик тоолуу райондорунда түнкүсүн -30…-35°, күндүз -14…-19° суукка чейин төмөндөйт.

Мындай туруксуз аба-ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Пикир

Оставить комментарий