• 87.25
  • 89.39
  • 0.86

Өлкөдө 752 айыл чарба кооперативи иш жүргүзүүдө

Экономика 0

Бишкек, 09.12.24. /Кабар/. Кыргызстанда 752 айыл чарба кооперативдери иш жүргүзүүдө752 айыл чарба кооперативдери айыл чарба өндүрүшүндө өз ишмердиктерин жүргүзүшүүдө. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Кооперативдердин иштеткен жеринин аянты 54 447 га, ал эми мүчөлөрүнүн саны 25 670 түзөт. Анын ичинен:

  • Чүй облусунда – 82 (30097,5 га.);
  • Ысык-Көл облусунда – 61 (5429,7 га.);
  • Ош облусунда – 94 (4058,1 га.);
  • Жалал-Абад облусунда – 241 (5415,5 га.);
  • Талас облусунда – 84 (1662,5 га.);
  • Нарын облусунда – 63 (2730,4 га.);
  • Баткен облусунда – 69 (3026,4 га.).

Айыл чарбада кооперациялоо, механизациялоо жана инновациялык технологиялар департаменти жергиликтүү башкаруу органдар менен биргеликте министрлер кабинетинин 2023-жылдын 23-августундагы № 418 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында 2023-2027-жылдарга айыл чарба кооперациясын өнүктүрүү Программасын" региондордо ишке ашыруу ишин алып барууда.

Кооперативдик системаны өнүктүрүү жана түзүү максатында, региондордогу майда айылдык товарөндүрүүчүлөрдүн айыл чарба кооперативдерине өз ыктыяры менен биригүү принциптерине жана демократиялык башкаруу механизмин жайылтуу максатында иштерди жүргүзүүдө.

Пикир

Оставить комментарий