• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

КРдагы комбанктар экономиканын финансы секторунун пайдасынын дээрлик эки эсеге көбөйүшүн камсыз кылышты

Экономика 0

Бишкек, 19.04.23. /Кабар/. Кыргызстандагы коммерциялык банктар экономиканын финансы секторунун пайдасынын дээрлик эки эсеге көбөйүшүн камсыз кылышты, деп билдирет Улуттук статистика комитети.

Ведомствонун маалыматына караганда, 2022-жылы экономиканын финансы секторунда 635 уюм, анын ичинде Улуттук банк, 23 коммерциялык банк, 594 банктык эмес финансылык-кредиттик уюм, 15 камсыздандыруу компаниясы жана эки инвестициялык фонд ишмердигин жүргүзүштү.

2022-жылы экономиканын финансы секторунун уюмдарынын кирешелеринин суммардык көлөмү 2021-жылга салыштырмалуу 1,7 эсеге көбөйүү менен 106 миллиард сомго жакындады, бул банк секторунун кирешелеринин өсүшү менен камсыз болду.

Финансы секторунун уюмдарынын чыгымдары 2022-жылы 1,5 эсеге өстү жана 67,1 млрд. сомду түздү.

Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча экономиканын финансы секторунда оң сальдолоштурулган финансылык жыйынтык 39 млрд. сом пайда суммасында алынды, бул 2021-жылга караганда дээрлик 2 эсеге көп. Пайданын өсүшүнүн жалпы суммасынын дээрлик 97 пайызы банк секторуна туура келген.

2022-жылы финансы секторунун рентабелдүү уюмдарынын үлүшү алардын жалпы санынын 66% га жакынын түздү, ал эми уюмдардын 14,3%ы чыгаша алды.

Жалпы экономиканын финансы секторунун активдеринин кирешелүүлүгү 4,7% өлчөмүндө аныкталды, мында алардын эң жогорку деңгээли (14,3%) күрөөканалардын жана микрокредиттик уюмдардын (9,7%) арасында байкалды. Коммерциялык банктардын активдеринин кирешелүүлүгү 2021-жылдагы 1,2%дан 2022-жылдагы 5,8%га чейин өстү, бул 2022-жылы алар тарабынан алынган пайданын көлөмүнүн өсүшү менен камсыз болгон.

2022-жылдын аягына карата банктардын жана банктык эмес финансылык-кредиттик уюмдардын кредиттик портфелинин суммардык көлөмү 238,5 млрд. сомду түздү. Банктык секторго кредиттердин жалпы көлөмүнүн 85,6%ы, банктык эмес финансылык-кредиттик уюмдардын секторуна 14,4%ы туура келди. Кредиттөөнүн негизги багыттары соода чөйрөсү (жалпы көлөмүнүн 26%), керектөө муктаждыктары (20%), айыл чарбасы (18%), ипотека (11% жакыны) жана курулуш (6,5%) болуп саналды.

Пикир

Оставить комментарий