• 85.06
  • 93.51
  • 0.88

ОшМУда абанын булганышын изилдөөчү жаңы илимий борбор түзүлөт

Аймак 0

Бишкек, 08.10.24. /Кабар/. ОшМУда абанын булганышын изилдөөчү жаңы илимий борбор түзүлөт.

Окуу жайдан билдиришкендей, бүгүн, 8-октябрда Токио медициналык университети менен ОшМУ “Спутниктик маалыматтарга жана аймактык химиялык транспорттук моделдөөнүн негизинде абанын булганышын баалоо системасын өнүктүрүү жана абанын булганышын изилдөө борборун түзүү” долбоорун ишке ашыруу боюнча жыйын өткөрдү.

Анда ректор Кудайберди Кожобеков жана Япониянын эл аралык кызматташтык агенттигинин адам потенциалдарын өнүктүрүү бөлүмүнүн өкүлү Мицухиро Ушио келишимге кол койду.

Долбоордун алкагында ОшМУда абанын булганышын изилдөөчү жаңы илимий борбор (IRCAPS) түзүлөт. Аны Япония тарап каржылап, керектүү каражаттар менен камсыздап берет. Аталган жайда кир абанын ден соолукка зыяндуулугу изилденет. Мындан тышкары, Дата борбор курулуп, маалыматтык база топтолот.

Ош, Бишкек шаарларында жана башка аймактарда абанын сапатын баалоо үчүн үйдүн ичи-сыртынан өлчөөчү өлчөгүчтөр коюлат. Буга байланыштуу эки өлкөнүн долбоорго катышкан командаларынын өкүлдөрү атайын стратегия иштеп чыгат. Андан соң өлкөдөгү абанын сапатын көзөмөлдөгөн улуттук системага киргизилет. Бул үчүн Токио медициналык университети ОшМУнун кызматкерлерин атайын окуудан өткөрөт.

Ал эми жаңы түзүлүп жаткан илимий борборго токиолук окумуштуулар келет. Алар долбоор аяктаганга чейин ОшМУнун өкүлдөрү менен бирге иштейт.

Борбордо чогултулган маалыматтардын негизинде кызыкдар уюм жана мекемелерге сунуштар берилет. Мындан сырткары окуу жайда Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин офиси ачылмакчы.

Аталган долбоор беш жылдык болуп түзүлдү. 2025-жылдан апрелинен тартып толук ишке кирет. Документ Саламаттык сактоо министрлиги, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги, Гидрометеорология кызматы, Эл аралык жогорку медицина мектеби, Ош мэриясы, эл аралык өнөктөштөр жана кызыктар тараптар менен бирге ишке ашат. ОшМУ бул долбоордо негизги ишке ашыруучу тарап болуп саналат.

Бишкек менен Ош соңку жылдары кыш түшкөн сайын дүйнөдөгү абасы кир шаарлардын сап башынан түшпөй келет. Республикалык ден соолукту чыңдоо борборунун маалыматына ылайык, Кыргызстанда 2019-жылы абанын булганышынан улам жүрөк-кан тамыр ооруларынын үлүшү жалпы өлүмдөрдүн 18,6%ын түзгөн. Ал эми респиратордук оорулар 31,4%ы деп эсептелген.

Пикир

Оставить комментарий