• 87.25
  • 89.39
  • 0.86

Өлкөдө кызмат көрсөтүү тармагы ИДПнын түзүмүндө басымдуу үлүштү ээледи

Экономика 0

Бишкек, 10.12.24. /Кабар/. Кызмат көрсөтүү чөйрөсү ИДПнын өсүшүндө мурдагыдай эле басымдуу 50%дан ашык үлүштү ээлейт.

2024-жылдын январь-ноябрь айларындагы КР социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн негизги көрсөткүчтөрү боюнча экспресс маалыматта берилгендей, ушул жылдын январь-ноябрь айларынын жыйынтыгы боюнча дүң продукциянын көлөмү 992,7 млрд сомду түзүп, 2023-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 9,2% га көбөйгөн.

Кызмат көрсөтүү чөйрөсүндөгү жогорку өсүш калктын кирешелеринин көбөйүшүнүн жана ишкерликке колдоо көрсөтүү чараларынын эсебинен шартталды.
Калктын акчалай кирешелеринин көбөйүшү (2024 – жылдын 10 айында орточо айлык эмгек акынын номиналдуу өлчөмү 12,2% га, пенсиянын орточо өлчөмү 18% га өстү), акча которуулар (2024 - жылдын 10 айында-1,5% га көбөйгөн), керектөө кредиттеринин көлөмү (2024-жылдын 10 айында -1,6 эсе) ички суроо-талапка колдоо көрсөтүп, 2024-жылдын январь-ноябрында дүң жана чекене сооданын, автомобилдерди жана мотоциклдерди оңдоонун жалпы дүң көлөмү 15,7% га көбөйүп, 344,8 млрд сомду түздү.

Дүң жана чекене сооданын жүгүртүлүшүнүн көбөйүшү, автомобилдерди жана мотоциклдерди оңдоо негизинен дүң (25,6% га) жана чекене (12,3% га) сооданын көлөмүнүн өсүшү менен камсыз болду.

Дүң жана чекене сооданын жүгүртүлүшүнүн көбөйүшү, автомобилдерди жана мотоциклдерди оңдоо негизинен дүң (25,6% га) жана чекене (12,3% га) сооданын көлөмүнүн өсүшү менен камсыздалды.

Транспорттук ишмердүүлүктүн жана жүктөрдү сактоонун дүң көлөмү 80,0 млрд сомду түзүп, 2023-жылдын январь-ноябрь айына салыштырмалуу 5,2% га көбөйдү.

2024-жылдын январь-ноябрь айларында мейманканалар жана ресторандар тарабынан көрсөтүлгөн кызматтардын дүң көлөмү 42,9 млрд сомду түзүп, 2023-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 20,9% га өстү.

Отчеттук мезгил аралыгында маалымат жана байланыш тармагы боюнча кызмат көрсөтүүлөрүнүн дүң көлөмү 43,9 млрд сомду болуп, өсүү темпи 111,6% түздү.

Пикир

Оставить комментарий