Бишкек, 16.01.25. /Кабар/. Мамлекеттик электрондук кызматтар порталынын колдонуучуларынын саны 2 миллиондон ашты. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, бул көрсөткүч долбоор ишке киргенден бери акыркы 5 жыл аралыгында жетишилди. Бүгүнкү күндө портал аркылуу 171 кызмат көрсөтүлөт, ал эми күн сайын 50 миңге жакын кызмат колдонулууда.
Эң көп суроо-талапка ээ болгон кызматтар:
- үй-бүлө курамы жөнүндө маалымат;
- жарандарды катталган жери боюнча маалымат;
- иш жүзүндө жашаган жери боюнча маалымат;
- камсыздандыруу төлөмдөрү боюнча маалымат;
- пенсиялык топтомдор жөнүндө маалымат;
- никеге туруу тууралуу маалымат;
- айыл чарба мал-жандыктары тууралуу маалымат;
- бюджетке салык төлөмдөрү боюнча маалымат;
- жумуш ордунан маалымкат;
- убактылуу каттоо жөнүндө даректик маалымкат.
Портал жана "Түндүк" мобилдик колдонмосу мамлекеттик кызматтарды ар бир адам үчүн ыңгайлуу жана жеткиликтүү кылууда.
Пикир
Оставить комментарий