• 87.45
  • 90.04
  • 0.85

Медербек Сатыев райондук соттун судьяларына иштерди кароо сапатын жогорулатуу керектигин айтты

Аймак 0

Бишкек, 11.12.24. /Кабар/. Бүгүн, 11-декабрда Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында, Токтогул райондук сотунда болду.

Жогорку соттон маалымдашкандай, төрага аталган райондук соттун жамааты менен жолугушуп, судьялардын жана аппарат кызматкерлеринин көңүлүн эмгек тартибин сактоого, сот адилеттигин жүзөгө ашыруунун сапатын жогорулатууга бурду.

Ошондой эле Медербек Сатыев райондук соттун судьяларын иштерди кароо сапатын жогорку деңгээлге көтөрүүнү, соттук актыларды өз убагында тараптарга тапшырууну жана кабыл алынган соттук актылардын аткарылышын ар бир судья көзөмөлгө алуу жагын милдеттендирди.

Мындан тышкары, кызматтык милдеттерди аткарууда мыйзамдардын талаптарын так аткарууга, сотко кайрылган адамдарга сылык мамиле кылууга чакырды.

Пикир

Оставить комментарий