• 87.45
  • 90.05
  • 0.85

Медербек Сатыев Сот департаментинин ишмердүүлүгүн күтүүсүз текшерди

Коом 0

Бишкек, 15.11.24. /Кабар/. Бүгүн Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев Сот департаментине күтүүсүздөн барып, ишмердүүлүгүн текшерди. Бул тууралуу Жогорку соттон билдиришти.

Текшерүүгө Судьялар кеңешинин төрагасынын орун басары, Бишкек шаардык сотунун судьясы Рахат Каримова, Жогорку соттун аппаратынын жетекчиси Сулайман Мыкыев жана төраганын кеңешчиси Руслан Мырзалимов катышты.

Төрага аппарат кызматкерлери ишке өз убагында келип жатканын текшерип, жумушка болгон дресс-код, берилген тапшырмалардын аткарылышын сурады.

Андан кийин Сот департаментинин бөлүм башчыларына жыйын өткөрүп, буга чейин коюлган милдеттер, аткаруу өндүрүшү, сотторду материалдык-техникалык жактан камсыздоо жана санариптештирүү маселелерин көтөрдү.

Медербек Сатыев сот аткаруучулар менен сот приставдарынын көйгөйлөрүн чечүү, тез аранын ичинде Сот департаментинин ишин жакшыртуу боюнча сунуш-пикирлердин берилишин талап кылды.

Күндүн экинчи жарымында Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев соттук өз алдынча башкаруу органынын ишмердүүлүгү менен таанышуу максатында КР Судьялар кеңешинин жыйынына катышты. Жыйынга Жогорку соттун төрагасынын жазык иштери боюнча орун басары Нурлан Мусаев катышты.

Башкы судья сот бийлигинин өз алдынча башкаруусуна, фемида өкүлдөрүнүн көз карандысыздыгын чыңдоого жана сот тутумунун бюджетинин аткарылышына байланыштуу бир катар маселелерди көтөрдү.

Ошондой эле жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар санариптештирүү жана жарандардын сот тутумуна болгон ишенимин арттырууга байланышкан темаларды көтөрүштү.

Медербек Сатыев өз сөзүндө президент Садыр Жапаров соттордун көз карандысыздыгын жана калыстыгын камсыз кылуу максатында судьялардын иштөө шарттарын жакшыртууга, эмгек акыларын жогорулатууга чоң көңүл буруп жаткандыгын белгиледи.

КР Судьялар кеңешинин төрагасы Кыдык Жунушпаев Судьялар кеңешинин ишмердүүлүгүнө токтолуп, соттук өз алдынча башкаруу органынын алдында турган ийгиликтерге жана көйгөйлөргө токтолду.

Ал эми Судьялар кеңешинин төрагасынын орун басары Рахат Каримова "2023-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын сот адилеттиги системасын өнүктүрүү" мамлекеттик максаттуу программасында белгиленген милдеттердин аткарылышы, сот системасынын бюджети жана тартыштыгы туурасында кеңири маалымат берди.

Пикир

Оставить комментарий