• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Мекендештердин укугун кеңейткен "Мекен-карт". Документти 92 жаран алды

Коом 0


Бишкек, 10.08.23. /Кабар/. Бүгүнкү күндө "Мекен-карт" документин 92 жаран алды. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев “Кабар” агенттигине курган маегинде билдирди.

Министр “Мекен-картты” алуунун шарттарына токтолуп, Кыргызстанда алса 11 миң сом, ал эми чет өлкөдө алса 40 доллар төлөөрүн айтты.


“Мекен-карт” — боордоштордун мамлекеттик мааниге ээ болгон документи. Ал 10 жылдык мөөнөткө берилет. “Мекен-картты” алган жарандар визасыз кирип-чыгуу, жашап туруу документин толтурбай эле Кыргызстандын аймагында туруктуу жашоо, эмгек визасын толтурбастан жумушка уруксат албай эле ишке орношуу, кыргызстандыктар менен катар эле медициналык жана билим берүү кызматтарын колдонуу, айыл чарба багытындагы жерлерди алуу укугуна ээ болот.

Пикир

Оставить комментарий