• 87.32
  • 94.96
  • 0.98

Бишкекте Кыргызстандын кесиптик медициналык ассоциацияларынын биринчи форуму өттү

Коом 0

Бишкек, 23.11.23. /Кабар/. Бишкекте Кыргызстандын кесиптик медициналык ассоциацияларынын биринчи форуму өттү.

Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, күн мурун, 22-ноябрда өткөн форум Саламаттык сактоо министрлиги жана Кыргыз медициналык ассоциациясы тарабынан уюштурулуп, анда Кыргызстанда кесиптик медициналык ассоциацияларды өнүктүрүүнүн чакырыктары жана мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Форум негизги чечимдерди кабыл алуучуларга саламаттыкты сактоонун кадрдык камсыздоо чөйрөсүндөгү актуалдуу чакырыктар жана көйгөйлөр тууралуу маалымат берүү, аларды чечүүнүн мүмкүн болгон жолдорун талкуулоо жана саламаттыкты сактоо системасында кесиптик ассоциациялардын ролун күчөтүү максатында уюштурулган.

Форумга министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Жогорку Кеңештин депутаттары, саламаттык сактоо министринин орун басары Айжамал Шамбетова, ДССУнун Кыргызстандагы өкүлү Ливиу Ведраско, Швейцариянын Кыргызстандагы элчиси Оливье Бангертер, медициналык кесиптик коомдук уюмдар, дарыгерлер катышып, Казакстандын жана Өзбекстандын улуттук кесиптик бирикмелеринин жетекчилери форумдун ардактуу коноктору болушту.

Иш-чара Казакстан жана Өзбекстандын улуттук кесиптик медициналык ассоциациялары менен аймактык кызматташтыкты түзүүгө мүмкүндүк берет.

Форум Швейцариянын «Кыргызстандагы медициналык билим берүүнү реформалоо» долбоору (MER Project) менен тыгыз кызматташтыкта ​​уюштурулган.

Долбоордун үчүнчү фазасы медициналык билим берүүнү реформалоону андан ары өнүктүрүү үчүн медициналык адистердин потенциалын жана сапатын жогорулатууга багытталган, анын ичинде кесиптик медициналык ассоциацияларды жана алардын медициналык билим берүүдөгү ролун, ошондой эле алардын мүчөлөрүнүн – Кыргызстандагы саламаттык сактоо тармагынынадистеринин “үнү” катары чыңдоо.

Пикир

Оставить комментарий