• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

“Мектеп лигасы”: Бишкекте шахмат боюнча мелдеш өттү

Спорт 0

Бишкек, 20.12.23. /Кабар/. Бишкекте «Мектеп лигасы» программасы боюнча мелдештер уланууда.

Программанын алкагында 14-декабрдан 18-декабрга чейин шахмат боюнча мелдештер өткөрүлдү.

Турнирге Биринчи май районунан 60ка жакын бала (10 команда) катышты.

Мелдештин жыйынтыгы боюнча балдар арасында эң мыктылар:
1-орун – №6 мектептин командасы;
2-орун – №70 мектептин командасы;
3-орун – №61 мектептин командасы.

Кыздар арасында:
1-орун – №61 мектептин командасы;
2-орун – №70 мектептин командасы;
3-орун – №6 мектептин командасы.

Мелдештин бардык жеңүүчүлөрү жана байге ээлери кубок, медалдар жана тиешелүү даражадагы дипломдор менен сыйланышты.

Мелдеш Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча департаменти тарабынан уюштурулду.

Пикир

Оставить комментарий