• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Ысык-Көл облусунун башчысы KOICA уюмунун өкүлдөрү менен кызматташтыкты талкуулады 

Аймак 0

Бишкек, 20.12.23. /Кабар/. Бүгүн президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Абдыкадыров Корея эл аралык кызматташтык агенттигинин (KOICA) органикалык айыл чарба саясаты боюнча долбоордун менеджери Ли Минхо баштаган делегацияны кабыл алды.

Облустук өкүлчүлүктөн билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун келечеги талкууланды.

"Облус аймагында KOICA тарабынан колдоого алынып, ишке ашкан долбоорлор айыл чарбасын өнүктүрүүгө олуттуу таасирин тийгизип келүүдө. Тактап айтканда, уюмдун жардамы аркасында Ак-Суу районунун Маман айылында өндүрүш процесстерин жакшыртууга жардам берген цех курулган. Теплоключенка айылында картошканы сорттоочу мини-комплекс ачылды, Тосор айылында жемиштерди кайра иштетип, шире чыгаруучу цех курулган", - деп айтылат маалыматта.

Эмилбек Абдыкадыров KOICA уюмуна жигердүү колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, өнөктөштүктүн негизинде аймактык инфраструктураны туруктуу өнүктүрүү жана жергиликтүү калктын жашоо деңгээлин жогорулатууга өбөлгө түзөөрүн белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий