• 87.45
  • 90.6
  • 0.86

Мектеп жетекчилерин конкурстук негизде тандоо: 966 мектепте сынак жүргөнү турат

Билим 0

Бишкек, 13.07.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кечээ, 12-июлда президент Садыр Жапаров мектеп жетекчилерин сынактык негизде беш жылдан ашык эмес мөөнөткө тандоо боюнча жарлыкка кол койгон.

“Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев билдиргендей, өлкөдөгү 2 миң 233 мамлекеттик мектептеги ишмердүүлүктү жандантуу, кадрдык потенциалды көтөрүү жана реформаларга даярдануу максатында мектеп жетекчилер сынактын негизге тандала баштайт.

Нет описания.

“Район, шаардын билим берүү бөлүмүнүн жетекчисинин деңгээлинде кээде кадрдык мүчүлүштүктөр болуп калышы мүмкүн. Бирок, баарына бирдиктүү мамиле кылып, жетекчилер ачык-айкын түрдө сынактык негизде дайындалып келсин деген кадамга барып жатабыз. Жетекчилер эки этапта дайындалат: талапкерлердин документтерин кабыл алуудагы тиешелүү критерийлерге жооп бериши керек, экинчиси тестирлөө өткөрүлөт. Тест онлайн түрдө коомчулукка көрсөтүлүп турат. Бүгүнкү күндө беш жылдан ашык иштеген мектеп директорлорунун саны 966ны түзөт. Демек, 966 мектепте сынак жүрөт. Калгандарында директорлорунун иштөө мөөнөтү беш жылдан ашканда сынак жарыяланат”, - деди министр.

Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова быйылкы окуу жылы жаңы мектеп директорлору менен баштала турганын белгилеп кетти.

undefined

“Беш жылдык мөөнөттөн ашык мектепте директорлук кызматын аркалап келгендер кайра сынакка катыша алат. Тестте болочоктогу директорго тиешелүү суроолор: психология, педагогика, IT тармагы, башкаруу жана билим берүү тармагындагы мыйзам боюнча суроолор берилет. Ушул жылдын август айында болочок директорлорго сыноо тести өткөрүлөт”, - деди Жусупбекова.

Билим берүү министринин орун басары кошумчалагандай, талапкерлер тесттен өткөндөн кийин жыйынтыгы дароо чыгат жана жогорку балл алгандар директорлук кызматка дайындалат.

Пикир

Оставить комментарий